Талант Мамытов Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолукту

Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Орусия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатыбалдиев катышты.

Төрага Талант Мамытов мекендештер менен актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып жатканына кубанганын билдирди.

Ал алгач Кыргызстандагы ички саясий абал жана референдумдун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Муну менен катар Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдарынын жыйынтыгы жөнүндө кеп кылып, анда Орусиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш чет жердеги мекендештердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады. Талант Мамытов белгилегендей, аталган кеңеш чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча сунуштамаларды өз убагында иштеп чыгууну камсыздайт.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар мигранттардын турмушун жакшыртуу боюнча пикирлери менен да бөлүштү.

Талант Мамытов каза болгондордун сөөгүн Орусиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, «Мекен-Карт» системасын киргизүү, Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелерге тиешелүү суроолорго жооп берди.