Талантбек Солтобаев транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылдын 23-апрелинде кол койгон.
Министрдин орун басары кызматына Нурланбек Кайынбаев дайындалды. Ал бүгүн, 26-апрелде Транспорт министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды.