Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкер болуп көрсөтүлгөн жарандардын 1-мартка дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу тиешелүү арыздарды Шарапаткан Мажитова жана Кубан Нуриев беришкен. БШК бул арыздарды эске алды. Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды жана аларга берилген каттоо ырастамаларын жараксыз деп тапты.