«Талаптарыбыз аткарылбаса, эртең ишке чыкпайбыз». Митингге чыгуу кезеги автобус айдоочуларына жетти

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын айдоочулары бүгүн, 17-ноябрда митингге чыгышты.  Акциянын катышуучуларынын айтымында, ишкананын директору Нурлан Койчубаков өз кызматынын талаптарына жооп бербейт. «Ал кызматка келгенден бери автобазад иш токтоп калды. Кесипкөй адам жетекчи болуп келсин», — дешет алар. Мындан улам, айдоочулар директорду бүгүн ишинен алышпаса, анда эртең ишке чыкпайбыз деген ультиматумду коюшту.

Айдоочулар маянанын аздыгына да нааразы болушуп, коррупциялык элементтер бар экенин билдиришти. Алардын айтымында, автобустарга тетиктер документтер боюнча келди дешкени менен иш жүзүндө алар тетиктерди көрүшө элек. Бул факты боюнча Бишкектин мэриясы, УКМК, Жогорку Кеңешке да кайрылышкан, бирок алар тараптан эч кандай реакция болгон эмес.