“Талас” аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр экени маалымдалды

Бүгүн, 22-мартта «Манас» эл аралык аэропорту» башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш-сапарынын алкагында «Талас» аэропортуна барып, жасалган иштерди текшерүүгө алды. Төраганын айтымында «Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган аэропорт учактарды жана жүргүнчүлөрдү толук кандуу кабыл алууга даяр.

«Талас» аймактык аэропортунун жаңы курулган аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Аэробекеттин учуп келүү, учуп кетүү залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгу чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө баардык шарттары менен толук кандуу жасалды, ошондой эле эне-бала бөлмөсү да бар.