Талас Бегалиев: «Оштогу башаламандык боюнча федерация чечим чыгарат»

Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жарандарга кайрылуу жасады.

«Оюндан кийинки окуя — бул спортту түшүнбөгөн, чет жакты көрбөгөн, маданияты пас күйөрмандардын кылган иши. Бул жерде оюнчулардын күнөөсү жок. Баарыңарды сабырдуулукка чакырам. Күч органдарынан сурап жана талап кылып кетебиз, катышкан, бейбаштыкка тиешеси бар адамдардын баарын карап, мыйзам чегинде чара көргүлө. Алар кыргыз элинин маданиятына да көө жабышты. Федерация бул боюнча чечим чыгарат», — деди ал.