Талас менен Чүйдө үшүк жүрүшү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 1-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш-бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө кооптуу.