Талас милициясына 1971-жылы кызматтык унаа катары берилген «Москвич»

Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Москвич” үлгүсүндөгү унаа даярдалды. Бул унаа милициянын басып өткөн жолундагы пайдаланган техникаларынын эски образын чагылдырат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

“Москвич” 1971-жылы Талас облусунун ички иштер башкармалыгына кызматтык унаа катары берилген. Ошондон бери сакталып, кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1-ноябрь күнү параддан өтүү үчүн борбор калаага жиберилди.