Талас облустук милициясынын жаңы имараты пайданууга берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (КРдин ИИМ) Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Садыр Жапаров бул Башкармалыктын мурдагы имараты Советтер Союзу учурунда эле курулуп, мамлекеттик башка имараттардай эле жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине каражаттар талап кылынып келгенин эске салды. Имарат алгач маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, 1987-жылы кайсы бир себептерден улам, курулуш иштери токтоп калган. Андан бери бул имарат колдон-колго, өкүнүчтүүсү, жеке менчикке өтүп кеткен жайы да бар эле. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин, Талас облустук ички иштер башкармалыгына бул имаратты өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Ал кезде имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес.

Мамлекет башчысы өз мезгилиндеги мындай көйгөйлөргө карабастан, бул башкармалыкты Жоломан Шаршенбаев, Феликс Кулов, Абдыбек Суталинов, Рашид Тагаев, Алымбай Султанов сыяктуу легендарлуу генералдар жетектеп, аймактын коопсуздугуна жооп берип келишкенин белгилеп өттү. Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков өздүк курамга иштөө шарттарын түзүү менен, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында демилге көтөрүп, демөөрчү таап, бул имараттын курулуш иштери башталганын айтып берди.

“Курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 7 айда толугу менен аяктады. Калкыбыздын бейпил турмушта жашоосун, коопсуздугун камсыз кылууда кыргыз милициясында баардык шарттар түзүлүүдө. Мындай аракеттер дүйнөлүк стандартка шайкеш келген коопсуздук деңгээлине жетүүгө болгон аракеттер”, — деп, президент имараттын курулушуна салым кошкон демөөрчүлөргө жана башка колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди. Мындан башка, Садыр Жапаров акыркы үч жыл аралыгында өлкө аймагындагы ички иштер органдарына жардам сурап кайрылган жарандарыбыздын чакырууларына ыкчам чыгып, жерине жетип барып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 400дөн ашуун автоунаа берилип, 200дөн ашуун имарат курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүнө басым жасап, айта кетти.