Талас облусунда тергөө абагы жок экени айтылды. Айыпталуучулар каякта кармалат?

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайга кармалгандардын шарты менен таанышуу үчүн барды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

32 адамды кармоого ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайга барган кезде анда 19 шектүү болгон. Убактылуу кармоочу жай ички иштер башкармалыгынын короосунда, бирок өзүнчө имаратта жайгашкан. Акыйкатчы камераларга тандап кирип жана кармалгандар менен маектешти. Башкы укук коргоочуну ОИИБдин башчысы коштоп жүрдү. Ошондой эле Акыйкатчыга кармалгандарды сейилге алып чыга турган жайды көрсөтүштү. ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Талас облусунда тергөө абагы жок экенин, ошондуктан айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда кармалышарын айткан.

Акыйкатчы Министрлер кабинетин Талас облусуна камалгандардын кармоо шарттары эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун карап көрүүгө чакырды.