Талас облусундагы «Семетей» кинотеатры оңдолууда. Ага 10 миллион сом коротулат

Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүдө. Ага 10 миллион сом коротулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

6-апрелде Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев кинотеатрдын ишмердүүлүгү жана учурда жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышып келди. Кинотеатрдын жетекчилигинин жана Кара-Буура районунун тургундарынын кайрылуусуна ылайык, Талас облусунун өнүгүү фонду тарабынан кинотеатрдын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 10 миллион сом өлчөмүндөгү каражат берилип оңдоо иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

“Семетей” кинотеатрынын имараты 1980-жылы курулган. 2015-2016-жылдары имараттын чатырынын оңдоого 450 миң сом бөлүнүп жана кинопроекциялык комплект менен камсыздалган.