Жалгыз эле Таластын «Алтын сертификатсыз» калышы. Облустук билим берүү борбору бул тууралуу эмне дейт?

Кечээ, 27-июнь күнү 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан 57 окуучу алтын сертификатка ээ болгону маалымдалган. Облус боюнча алганда бир гана Таластын бүтүрүүчүлөрү тизмеге кирген эмес. Талас облустук билим берүү борборунун жетекчиси Табылды Тилекматов жыйынтык боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги төмөнкүлөрдү билдирди.

«Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен тизме толукталышы мүмкүн деп билдирди. Ошону күтө туралы. III этабынын жыйынтыгына карап комментарий берели», — деди облустук билим берүү борборунун жетекчиси.