Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Талас районунун Айдаралиев айыл аймагына караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган.

«Кырдаалды жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Талас районунун аймагында райондук деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдар режимин Жарандык коргонуу башчысы – аким Нургазы Нармырзаев жарыялады. Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылган. Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда», — деп айтылат маалыматта.