Талас салгылашуусуна арналган тарыхый комплекстин долбоору тандалды

Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоору келип түшкөн сегиз иштин ичинен тандалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Сынактык комиссиянын чечими менен «АСМАТ» ЖЧК студиясы жеңүүчү болуп табылды. Жобого ылайык, министрлик тарабынан сынактын жеңүүчүсүнө 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле, автор комиссиянын сунушун эске алып долбоорду толуктап иштеп чыгуусу керек.
«Атлах тарыхый-маданий мурас объект» тууралуу кыска тарыхый маалымат:
751-жылы белгилүү салгылашуу (Талас салгылашуусу) болгон Жоон-Дөбө (тарыхый аты Атлах) чалдыбары — археологиялык эстелик Талас облусунун Манас районунун аймагында жайгашкан.