Кечээ, 23-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, шаардык мекеме, ишкана жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Салтанаттуу иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.