Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камера орнотулду

Таластагы 25 чакырым жол жарыктандырылып, 5 миллион сомго видеокамералар коюлду. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевге түнкү жарыктандыруу боюнча сунуш берилген. Бул сунуш Шумкар-Уя айылдык кеңешинин сессиясына коюлуп, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынып, акча каражаты бөлүнүп, 25 чакырым жол жарыктандырылган. Азыркы учурда түнкү убакытта айдоочулардын жолдо жүрүүсүнө жеңил болуп, алыскы аралыкты көрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Талас шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан видео көзөмөл камераларын орнотуу боюнча Талас шаарынын мэриясына кат жолдонгон. Бул сунуш Талас шаардык кеңишинин сессиясында каралып, депутаттардын колдоосу менен бөлүнгөн 5 миллион сом акча каражатына Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камералары орнотулду. Алардын ичинен 10 даанасы адамды жүзүнөн тааныйт, 5 даанасы унаалардын мамлекеттик номурларын аныктайт, 49 даанасы көзөмөл камералар.