Таласта 14 жаштагы Акылай 10 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Талас шаарынын тургуну, 2010-жылы туулган Болотбекова Акылай Алтынбековна 5-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн «Талас шаарынын борбордук аянтына барам» деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Акылайдын өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, сары жүздүү, көзү күрөң, чачы кара, дене түзүлүшү арык-чырай.

Кийген кийимдери: ак жана кара түстөгү сызыктан футболка, көк түстүү жынсы шым.

Азыркы учурда Болотбекова Акылай Алтынбековнанын жүргөн жери дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу, милиция жана туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Байланыш номурлар: 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10.