Таласта 16 жаштагы кыз көз жарды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат

Таласта 16 жаштагы кыз төрөдү. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда өспүрүм кыз уул төрөгөн. Бул факты Талас ОИИБде катталган.

«25-майда Талас облустук ооруканасынан милицияга 16 жаштагы кыздын көз жарганы тууралуу маалымат түшкөн. Факты электрондук журналга каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.