«Таласта 25 жаштагы келин төрөп, наристесин итке салып берген» деген окуя 7 жыл мурда болгон

Учурда айрым соцтармактагы баракчалар «Таласта 25 жаштагы келин төрөп, наристесин итке салып берген» деген аталыштагы жаңылыкты жарыялап жатышат. Ошондой эле маалыматта келиндин сүрөтү тиркелип, ит наристенин 2 колун, 2 бутун, башынын жарымын жеп салганы жазылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Талас ОИИБге кайрылганыбызда, бул окуя 7 жыл мурда Талас шаарында орун алганы маалым болду. «Белгисиз себептер менен бул маалымат козголуп, элдин көңүлүн буруп жатат. Бул окуя 7 жыл мурун Талас шаарында орун алган. 2016-жылы болгон. Төрөгөн эне аныкталып, жоопко тартылган»,- дешти.