Талас шаарынын Өмүрбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан аял киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, милиция кызматкерлери менен биргеликте секирген аялды жууркан (одеял) менен тосуп алып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.