«Мини юбка кийип алгандай го?». Таластагы балатынын көрүнүшү (сүрөт)

Кечээ, 25-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Ага Талас шаарынын мэри, мэрдин биринчи орун басары жана шаар тургундары катышты.

Салтанаттуу иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду. Быйыл Талас шаарынын жаңы жылдык балатысы үчүн 100 миң сом бөлүнүп берилген. Балатыны сатып алуу үчүн 60 миң сом, ал эми жасалгалоо иштери үчүн 40 миң сом акча каражаты сарпталды.

Ошол эле учурда соцтармакта балатынын күндүзгү убакытта тартылган сүрөтүн бөлүшүп, аны «мини юбка кийип алгандай го?» деп талкууга алып жатышат.