Таласта Айт намазга 10 миңден ашуун жаран катышты (сүрөт)

Бүгүн, 10-апрелде Талас облусунун аймагындагы мечиттерде Айт намазы окулду.

Талас ОИИБден билдиришкендей, Айт намазы башталгандан тартып, эл тараганга чейин коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун милиция көзөмөлгө алды. Айт намазы учурунда облус аймагында одоно тартип бузуулар катталган жок.

Айт намазы Талас облусунун аймагындагы 100дөн ашуун мечитте окулуп, 10 миңден ашуун жаран катышты.