Таласта ата-энесинен ажыраган 3 өспүрүм жер тилкесине ээ болду

Прокуратуранын кийлигишүүсү менен Талас облусунда жашаган 3 томолой жетим бала турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамдарга ылайык, ата-энеси жок жана камкордуксуз калган балдарга турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

«Талас шаардык прокуратурасы тарабынан аталган шаардын мэринин наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен өспүрүмдөргө 0,6 гектардан жер берилди. Андан сырткары, Манас райондук прокуратурасы ушул эле райондогу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизип, турак жайы жок дагы бир өспүрүмгө жер тилкесине ээ болду. Бүгүнкү күндө берилген жерлерди каттоо жана аларга укук таануучу документтерди алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.