Таласта балык уулоого чыккан тургун байыркы кумура таап алды

Таласта балык уулоого чыккан тургун байыркы кумура таап алды. Бул тууралуу  “Манас Ордо” комплексинен билдиришти.

20-декабрь күнү Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” эпосу музейинин директору, илимий кызматкерлер менен Бейшеке айылынын тургуну Алым Токтогуловдун үйүнө барышкан. Таап алган жаран өз сөзүндө ушул жылдын август айында балык уулоо максатында айылдан болжолу 3 чакырым аралыкта жайгашкан жергиликтүү элдин айтуусу боюнча “Кызыл-Мойнок” аталышындагы Киров суу сактагычына жакын жайгашкан жерине барышканын айтты. «Балам жер чукуп отуруп калды. Мен бир нерсе таап алды окшойт деп ойлодум. Анан эле ичи кумга толгон бүтүн чопо кумура жана карапа идиштеринин сыныктарын көтөрүп келди», — деди ал.

Тургун кумураны музейге өткөрүүнү туура көргөн. “Манас ордо” кыргыз улуттук комлекси идиш XIV-XVI кылымдарга таандык экенин божомолдоодо.