Таласта баннерлердин жардамы менен жол кырсыктарга каршы күрөшүп жатышат (сүрөт)

Талас облусунун негизги жолу болгон эл аралык маанидеги Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда тынымсыз профилактиклык иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Талас ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Талас облусунун аймагына, тактап айтканда, Талас облусунун  Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылына жана Талас районунун Кырк-Казык айылына “Атаке, шашпаңыз” аттуу баннерлерин илишкен, ал эми Манас районунун Чоң-Капка айылына “Өлүмдү эмес өмүрдү танда, айдоочу” аттуу баннерин илишкен, муну менен Талас облусу боюнча ЖКККнын кызматкерлери айдоочуларды ылдамдыкты сактоого жана  жол эрежелерин бузбоого үндөп, жол жүргүнчүлөрдүн жана өздөрүнүн өмүрлөрүн сактап калуу максатында, ошондой эле үйдө «Сиздерди үй-бүлө күтүп жатат» деген маанидеги профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.