Таласта жаңы эле курулган балдар аянтчасы бүлдүрүлүп, отургучтарын жулуп кетишкен (сүрөт)

Шаар тургундары үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында мындан бир нече күн мурун Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы көп кабаттуу үйдүн короосуна балдар ойноочу аянтчасын курган.

Талас мэриясынан билдиришкендей, тилекке каршы аталган аянтчанын балдарга ылайыкталган отургучтары белгисиз жарандар тарабынан бүлдүрүлүп, айрым жабдыктары түп орду менен жулунуп кеткен. Шаар башкармалыгы атайын балдарга арналып жасалган балдар аянтчасына аяр мамиле кылууга, бар нерсени барктоого чакырды.