Таласта «чоңойгондо милиция кызматкери болом» деген балага велосипед белек кылышты

Бүгүн, 21-январда Талас ОИИБдин жыйындар залында 2 күндүк семинар-тренинг өтүп жатат. Экинчи этаптын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар катышып жатышкан.

Семинар-тренингге Талас районундагы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиев менен бирге анын 7 жаштагы уулу Рамазан кошо барган. Семинардын жүрүшүндө ИИМдин Республикалык окуу борборунун окутуучулары Рамазанга “Келечекте ким болосуң?» деген суроо беришкен. Ойлонбостон туруп милиция кызматкери болорун айткан.

Бул учурга күбө болгон Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев семинар бүткөнгө чейин велосипед алдырып, келечектеги милиционер Рамазанга белекке тапшырды.

Баланын атасы Бакыт Сатыбалдиев 7 жаштагы уулу милиция кызматкери боло тургандыгын көп айткандыктан, милиция имаратындагы иш-чарага атайын ээрчитип алгандыгын белгилеп, күтүүсүз белекке ыраазычылык билдирди.