Манас районунда күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү башталып, дыйкандар түшүм жыйноо иштерин кызуу жүргүзүүдө. Айрыкча төө буурчактын түшүмдүүлүгү жогору болуп, ал дыйкандар үчүн кирешелүү болуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Райондо айдалган төө буурчактын «томат» сорту гектарына орто эсеп менен 1,8-2 тонна түшүм берип, базар баасы 100-105 сомдон сатылууда. Бул сорттун өзгөчөлүгү – үрөнүнөн алынган буурчактары чоң, формасы тегиз жана бышкандан кийин формасын сактап, тамак-ашка пайдалуулугу менен айырмаланат. Дал ушул сапаттары үчүн аталган сорт ички рынокто гана эмес, чет өлкөлөрдө да чоң суроо-талапка ээ.