Таласта жардамга муктаж аял 2 бөлмөлүү үйлүү болду (сүрөт)

Жардамга муктаж Талас шаарынын тургуну Айзада Бокоева турак жайлуу болду. Буга чейин ал мэр Аскар Шабдановго кайрылган. Көмөк көрсөтүү максатында калаа башчы тийиштүү мекеме ишканаларга тапшырма берген.

Турак үй эскилиги жеткендигине байланыштуу Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасынын башкы инженери Адилет Чыныбеков жаңы турак үй куруу демилгесин көтөрүп, Талас шаарынын кайрымдуу жаштарынын колдоосу менен бүгүнкү күндө бардык шарты каралган эки бөлмөлүү үй тургузулуп берилди. Талас шаардык “Таза суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эсебинен аталган турак үйдүн саркынды суу топтолуучу чуңкурчасы бетондолуп, ошондой эле борбордук таза суу системасына туташтырылып таза суу менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, Талас шаарында турмуштун оор кырдаалына кабылган жардамга муктаж эки миң үй-бүлө каттоодо турат. Шаар аймагында бул өңдүү кайрымдуулук саамалыгы алгачкы ирээт болууда.