Таласта кафеден чыккан өрттөн жабыркагандар Бишкекке которулат

Талас облусунда кафеде газ баллон жарылып, чыккан өрттөн жабыркаган эки жаран Бишкектеги ооруканага которулат. Кечээ, 6-январда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган дубанга барган иш сапарында жабыркагандардын абалы менен таанышкан. Ал дарыгерлер менен кеңешкен соң Талас облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жаткан эки бейтапты борборго которуу чечилди. Эгерде зарылдык жаралса, Кара-Буура райондук бейтапканасында жаткан үч бейтап да Бишкекке жеткирилет.

Жалпы жонунан өрттөн жабыркаган 10 адам ооруканада, анын бири денесинен 80 пайыз күйүк алганы маалымдалган болчу.