Таласта катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду (видео)

Кечээ, 22-майда саат 18:10 чамасында катуу шамал болуп, анын кесепетинен Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары зыянга учурады.

Аны менен катар көп кабаттуу үйлөргө тартылган электр чубалгылары да жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.