Таласта кой кайтарып жүргөн видеосу тараган бала эсиңиздеби? Ал ИИМден белек алды

Милиция кызматкери болууну кыялданган бала Ички иштер министрлигинен белектерди алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Социалдык түйүндөрдө Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылындагы 10 жаштагы тургуну, Казакстан менен чектеш жерде мал кайтарып жүргөн видеосу кеңири тарап, коомчулукта резонанс жараткан.

Бала ата-энесине жардам берип, мал жайып жүргөнүн айткан. Ошондой эле, берген интервьюларынын биринде келечекте милиция кызматкери болууну кыялданарын бөлүшүп кеткен. Бул тууралуу билген милиция кызматкерлери мектеп окуучусуна жагымдуу маанай тартуулап, белектерди берүүнү чечкен.

Ички иштер министринин атынан кичинекей Бектурганга белектер тапшырылып, аны билим күнү менен куттуктап, келечекте өз элине кызмат кылган татыктуу милиция кызматкери болууну каалашты.

Белгилей кетсек, 10 жаштагы Бектурган Бишкек шаарындагы мектептердин бирине которулган.