Кара-Буура районунда 4 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
«Кара-Буура ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 4 адам күйдүргүгө шектелип жаткырылган. 12-июль күнү алардан анализ алынган, азырынча лабораториялык жактан күйдүргү тастыктала элек. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул боюнча өз багытында иш алып барууда», — деп билдиришти министрликтен.