Таласта майыптыгы бар 26 жаштагы жаранга айылдаштары үй алып беришти (сүрөт)

Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургундары майыптыгы бар 26 жаштагы Эрмек Бактияр уулуна үй сатып беришти. Бул тууралуу Нурсултан Курманбеков аттуу соцтармак колдонуучу жазып, айылдаштарына ыраазычылык билдирди.

«1 миллион 200 миң сом чогултуп 26 жаштагы майыптыгы бар Эрмек Бактияр уулуна үй сатып алып, белекке беришти. Көрүп алып кубандык. Жүрөк жылыды. Эрмек Бактияр уулу үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы. Жубайы экөө тең кубанып, айылдаштарына ыраазы болушту. Анын ырчылык таланты бар экен. Сиздердин жасаган кайрымдуулугуңуздар башкаларга үлгү», — деп жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.