Таласта нан алууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн бекер нан кутучасы ачылды

Покровкада муктаждар үчүн бекер нан кутучасы ачылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Талас облусуна караштуу Манас районунун Покровка айылындагы наабайканага атайын кутуча жасалды. Ага айылдын демилгелүү жаштары күнүгө нан салып тургандай кылып наабайчыга акчасын төлөп турушат.

«Нанга барган ар бир жаран муктаждарга жардам иретинде нан салып турса болот. Кээ бир инсандарга жеңилдиги бар, себеби ар кандай учур болуп калышы ыктымал, ошол учурда кутудан бекер нан алып турушат. Мүмкүнчүлүгү бар адамдар наабайчыга акчасын төлөп, нан салып турса, чоң сооп болот», – деди райондун имамы.