Таласта өлгөн адамга электр энергиясына деп эсеп келип жатканын айтышты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Талас шаарындагы музыкалык мектептин имаратында болду. Акыйкатчыга жолугууга 250гө жакын тургун келди.

Жергиликтүү тургундар негизинен мамлекеттик органдар тарабынан жеке менчик мүлкүнө ээлик кылуу укуктары бузулуп жатканына арызданышып, алимент өндүрүү боюнча сот отурумдарын мониторинг кылууну Акыйкатчы институтунан суранышты. Тургундардын бири энергетикалык компания электр энергиясы боюнча эсепти жокко чыгарбай, ал тургай жакындары жок, каза болгонуна көп убакыт өткөн адамдын атына деле электр энергиясы үчүн эсеп чыгарып берип жатканын айтты. “Ал кишинин каза болгонуна көп убакыт болгон. Өлгөн адам кантип электрдин карызын төлөмөк эле. Карызы калганы аз келгенсип, туум да кошулуп жатат”, — деп нааразы болду тургундардын бири.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талант Эдилев жергиликтүү органдар аталган арызды карай турганын, мыйзамга ылайык мындай учурда карызды жоюу керектигин айтты.