Таласта 15 жаштагы өспүрүм асынып алды. Маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 2-январь күнү Талас районунун ички иштер бөлүмүнө Үч-Эмчек айылынын 2009-жылы туулган тургуну үйүнүн короосунда өзүн-өзү асып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Аталган билдирүү милиция тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге Талас РИИБдин ыкчам тергөө тобу барышкан. Маркумдун жакын туугандары окуя боюнча арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Учурда аталган факты боюнча укуктук баа берип, туура чечим кабыл алуу үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.