Таласта пеликан табылды (видео)

Талас облусундагы Орто-Кошой участкасында кармалган пеликан реабилитациялык борборго өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Талас облустук башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашимовдун айтымында, жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлерине жергиликтүү тургун Туратбек Базарбаев кабарлаган. Ветеринардык кызматкерлер пеликанды карап чыгып, андан жарааттарды табышкан.