Таласта төрөлгөн Сейилдин ата-энесине 200 миң сом тапшырылды

Кечээ, 26-октябрда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында 7 миллионунчу кыргызстандыкка удаа балалуу болушкан үй-бүлөдөн кабар алды.

Облус башчысы кыздуу болгон Кумар Аксокуевди жана Нурлуукыз Бактыбек кызын Садыр Жапаровдун атынан куттуктап, 200 миң сомдук сертификатты тапшырды. Ошондой эле кыргыздын салтына ылайык Бакытбек Нарбеков наристенин чоң апасына көрүндүк берип, наристеге кең келечек каалап жакшылык ээлерине куттук айтты. Белгилей кетсек, төрөлгөн ымыркайга Сейил деген ысым ыйгарылган. Буга чейин жубайлар 1 кыз, 1 уулду болушкан.