Таласта УКМКнын кызматкерлери менен эс алуучулар ортосунда чыр чыккан. Окуянын чоо-жайы

УКМКнын Талас облусундагы кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр-чатакта эч кандай травматикалык курал колдонулган эмес. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мындан тышкары атайын орган УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургунду коркутуу жолу менен көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлашты деген маалыматты да четке какты. «Тараптардын оозеки кайым айтышуусунан кийин окуя элдешүү жолу менен жөнгө салынган», — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле УКМК бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, анын жыйынтыгы менен УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Буга чейин ЖМКларда Козучак конушундагы «Беш-Таш» эс алуу аймагында эс алуучулар менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик болуп, травматикалык тапанчалар колдонулганын,  асманга ок чыгарганын жазып чыгышкан. Ошондой эле жабырлануучуларга көрсөтмөсүн өзгөртүүгө кысым көрсөтүлгөнү маалымдалган.