Таласта унаа сүзүп кеткен жаран каза болду

Кечээ, 14-февраль күнү Бакай-Ата районундагы унаа кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Сатымкул Жусупов маалымдады.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ болжол менен саат 20:00 чамасында болгон. Айдоочу окя болгон жерден качып кеткен.

«Кечээ Талас—Тараз—Суусамыр жолунун 98,5 чакырымында жол кырсыгы катталган. Ниссан Патрол үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты карай келе жатып, Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 1960-жылы туулган тургуну А.Ш.ны сүзүп кеткен. Унаанын айдоочусу Д.У. окуя болгон жерден качып кеткен»,- деди ал.

Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде 2 саат аралыгында качып кеткен айдоочунун өздүгү такталып, Талас шаарындагы соода түйүндөрүнүн биринин алдынан кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Унаасы айып короого киргизилген.