Таласта табылган пеликан арык, араң жан жана алсыз

Таласта жергиликтүү тургундар тарабынан табылган пеликан арык, араң жан жана алсыз. Бул тууралуу “Бугу-Эне” коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова билдирген.
“Пеликан абдан кичинекей, канаттары тура элек, арык, жеңил жана алсыз. Калыбына келет деген үмүттөмүн”, — деген ал.
Ошондой эле, канаттуу азырынча Бишкектеги реабилитациалык борбордо боло турганын айткан.
“Азыр бул жакта учуп, машыга алат. Баары калыбына келсе, эркиндикке коё беребиз. Күлгүн пеликандар адамдарга бат көнүп алат. Эгер учуп кетүүнү каалабаса, зоопаркка жылуу капас куруу керек болот”, — деп кошумчалаган.

Айта кетсек, буга чейин Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар айылында Кызыл китепке кирген пеликан кармалып, “Бугу-Эне” реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилгени кабарланган.