Таластагы үрөй учурган жол кырсык. Таксисттер жана оор жүк ташуучулар нааразылык акциясына чыгышты

Таласта такси жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алардын айтымында, Талас-Бишкек каттамында жалпы 200дөн ашык айдоочу бар. Бардыгы мыйзамдуу салык төлөп иштешет. «Биз дайыма жолдо жүрөбүз, ал эми айылдын тургундары малын жолго чыгарып салышат. Алардын кесепетинен айдоочулар запкы тартып жатат. Жакында эле 8 адам көз жумду. Ага да малдын тиешеси бар делип жатат», — деди акцияга чыккандардын бири.

Алардын койгон талаптары:
 Талас — Тараз — Суусамыр жолунун четинде жол чырактарын түнкү учурда өчүрбөө;
 Ушул эле трассада мал-жандыкка жарык чагылдыруучу тасмаларды байлап коюу, мал ээлерине чара көрүү.

16-октябрга караган түнү Таласта 8 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Анда жеңил унаа жолдогу жылкыдан качып, оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткени айтылган болчу.