Таластагы бардык мектеп жана бала бакчалар карантинге жабылды

Мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрда саламаттыкты сактоо тармагын башкаруу боюнча облустук Координациялык Кеңештин жыйыны болуп өткөн.

Жыйында 13-декабрга карата эпидемиялык абал талкууланып инфекциялык окуялардын жайылып кетишин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 14-декабрдан 24-декабрга чейин Талас облусундагы бала бакчаларды жана мектептерди карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алынган.