Таластагы сууга унаа менен кан ташып келип, төгүп жаткандардын видеосу тарады

Таластагы Киров суу сактагычына мал союлуучу жайдан чыккан кан төгүлүп жатат. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

«Кечээ, 20-февралда суу сактагычка суу ташыган унаа менен 3 жолу кан төгүштү. Бул суу Кара-Бууранын бардыгына тарайт. Көзөмөлдөгөн эч ким жок», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми райондун акиминин орун басары тергөө иштери жүрүп жатканын айтты.