Таластагы УКМКнын кызматкерлерине Садыр Жапаров фонддун эсебинен машыгуу зал куруп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башкармалыгына барып, президенттик фонддун эсебинен курулган жаңы машыгуу залынын шарттары менен таанышты.
Мамлекет башчысына УКМК башкармалыгынын кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн машыгуу залында бардык керектүү шарттар каралгандыгы маалымдалды. Футбол аянтчасы, машыгуу залы, чечинүүчү жай, душ кабинкалары жана мончо курулган.

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы өткөн жылдын 17-июнунда болгон. Анда УКМКнын кызматкерлери мамлекет башчысына машыгуу залын куруу берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик фонддон бул максаттарга 50 миллион сом бөлүнгөн.