Таластын дарыяларында суунун келиши эселеп аз болууда

“Кыргызгидрометтин” 2023-жылдын 8-апрелиндеги божомолдуу маалыматы вегетация мезгили башталгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин дал келбей жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Талас бассейни боюнча май айында иш жүзүндө орточо эсеп менен суунун келүүсү секундуна 8,6 метр кубду түздү. Ушул эле көрсөткүч өткөн жылы секундуна 33,0 метр кубду түзгөн. Салыштырмалуу суунун келүүсү 4 эсе аз болду. Акыркы 30 жыл аралыгында 2014-жылы дагы суунун келүүсү аз болгон, салыштырмалуу 2014-жылга карата быйыл суунун келүүсү 2,5 эсе аз. Быйылкы жылы аба ырайынын суук болгонуна байланыштуу, мөңгүлөр эрибей, бүгүнкү күнгө чейин суунун көлөмү жогорулабай жатат.

7-июнга карата Талас районунун Кайырма башкы суу түйүнүндө, Чоң Талас каналына өткөн жылга караганда суу аз келген, өзөндө суу жок. Кышы бою Киров суу сактагычына топтолгон суу 1-апрелге карата 410,10 миллион метр куб болгон. 21-апрелден баштап Киров суу сактагычынан Манас районуна суу берилип баштаган. Бүгүнкү күндө Киров суу сактагычына суунун келүүсү жокко эсе, анткени өзөндөрдө суунун көлөмү өткөн жылдарга караганда кыйла төмөн.

4-майдан баштап Талас облусу боюнча сугат сууну которуштуруу графигин иштеп чыгып, дыйкандарга сугат суууну жеткирүү ушул күнгө чейин уланууда. Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн буйругунун негизинде, сугат суу тартыштыгына байланыштуу сугат иштерин ыкчам уюштуруу боюнча облустун деңгээлинде штаб түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин Талас бассейни боюнча жер жерлерде которуштуруу графиктери түзүлүп, кезек менен каналдарды жабып, сугат суу мүмүкүн болушунча жеткирүү аракеттери көрүлүүдө.