Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Талас районунда быйыл күн жылуу болуп, төө буурчак жылдагыдан 15-20 күн эрте жыйнала баштады.
Райондо төө буурчактын бир нече сорту 12,2 миң гектар (+319 га) жерге айдалган. Килограммы 110 сомго чейин жетүүдө.