Таластын тургундары сүт маселесинен улам митингге чыгышты (видео)

Талас облусунун тургундары президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын алдына чогулушуп, нааразычылыгын билдиришти.

Алардын айтымында, сүт маселеси ушул жылдын март айынан бери чечилбей келет. «Биз бардык органдарга кайрылдык. Бир да маселе чечилген жок. Жеке менчикти чече албарын айтышты. Ушундай болмок беле? Арызыбыз каралган да жок. Таласта 10 миң фермер бар. Биз жөлөк пул да ала албайбыз, себеби бизде уй бар. Азыр сүт Таласта 22 сом. Сомдун куну кеткен. Азыр бул акчага эч нерсе келбейт. Баасын чече албай койдук. Жогорку Кеңештин депутаттары чечип берет экен деп ойлогонбуз. Шайлоодо келбегиле», — дешти алар.