Таластын тургуну диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты

Талас облусунун тургуну «Йакын инкар» диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-сентябрда жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында, сот тарабынан тыюу салынган аталган диний экстремисттик уюмдун тарапкери – 1990-жылы туулган жаран өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул кыймылдын мыйзамсыз идеологиясына алдырбоого чакырды.